Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Көмүрдүн баасы кымбаттап жатат


Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, соңку аптада эле Кыргызстанда көмүргө болгон баа дээрлик 3 пайызга жогорулады. Азыр анын орточо баасы - бир тоннасына 3 434 сом.

Кыргызстан жергиликтүү Кара-Кече, Миң-Куш, Сүлүктү жана Таш-Көмүр кендеринен чыккан көмүрдөн тышкары коңшу Казакстандан ташылып келинген Шабыркүл жана Кара-Жыра көмүрүн пайдаланат.

Көмүр саткан жеке фирманын өкүлү "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, аймактарда көмүрдүн баасы ар кандай. Мисалы, Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн баасы тоннасына 3 300 сомдой болсо, Ош облусунда Сүлүктү көмүрүнүн баасы 4,5-5 миң сом. Эгер ошол эле Сүлүктү көмүрүн Бишкекке алып келип сатса, анын баасы 7 миңге чыгат. Баа көмүрдүн сапатына эмес, көбүнесе аны ташып келүүгө кеткен жол чыгымдарына жараша аныкталат. (RK)

XS
SM
MD
LG