Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

Тынчтыктын жаш элчилери сапарга чыгышты


Кыргызстандын ар бир облусунан чогулган 36 улан-кыз 16-сентябрдан тарта өлкөнү кыдырып, жаштар жүрүшүн уюштурушат.

"Азаттыктын" Ош облусу боюнча кабарчысы маалымдагандай, бүгүн алар Ош шаарына чогулушту. Бул долбоорго ар бир облустан 17-19 жаштагы толеранттуулук, жаңжалдарды жөнгө салуу багытындагы окууларга катышкан бештен бала тартылган.

"Тынчтыктын жаш элчилери" аттуу долбоордун максаты - улуттарга, аймактарга бөлүнүү, трайбализм сыяктуу терс көрүнүштөрдү жоюу.

Кыргыз, орус, өзбек, татар жана башка улуттагы жаштар бардык облустарга барып, мейманканаларда эмес, карапайым үй-бүлөлөрдө жашап, эл менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Бул долбоор Ош жана Жалал-Адаб облустары үчүн өзгөчө актуалдуу. Себеби былтыр июнь айында ал жакта болгон кыргыз жана өзбек улутундагылардын кагылышуусунан улам 447 адам набыт болгон. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG