Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Саркози менен Камэрон Каддафини соттоого үндөштү


Франция президенти жана Британия премьер-министри Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафини жана анын өкмөт мүчөлөрүн жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартууга чакырышты.

Каддафинин 42 жылдык режимин кулатууга НАТОнун авиациясы менен көмөктөшүүнүн демилгечилери болгон Николя Саркози жана Дэвид Камерон бүгүн Триполиге келишкен. Бирок Саркози Триполидеги маалымат жыйынында ливиялыктарды өч алуудан сактанууга үндөдү.

Камерон Британ банктарында тоңдурулуп жаткан 944 млн. долларды Ливиянын жаңы өкмөтүнө кайтарылып берет деди.

Британ лидери Дэвид Камерон: "Биз силерге Каддафини таап, соттогонго жардамдашабыз. Биз силерге проблема жаратчу коркунучтуу куралдарды, не жер-аба ракеталары болобу, не минабы Ливиядан чыгарууга жардам бергибиз келет. Бүгүн Британия миналарды Ливиядан чыгарып кетүүдө силерге жардам берилет деп милдет алууда".

Камерон жана Саркози Триполиден соң Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарына барышат.

XS
SM
MD
LG