Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Шайлоо 2011: ЕККУдан 400дөй байкоочу келет


"Азаттыктын" кабарчысы маалымдаганына караганда, бүгүнтөн баштап Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун (ЕККУ) эл аралык байкоочулар миссиясы иштей баштады.

Аталган уюмдун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) 14 эксперттен турган тобу ишке киришти. Алардан тышкары Кыргызстандагы президенттик шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жургүзүү үчүн 28 адам эмки аптада келет. Ал эми кыска мөөнөттө иштеп кете турган байкоочулардын саны 350 адам болоору күтүлүүдө. Алар добуш берүү күнү гана жер-жерлерди кыдырып чыгышат.

ЕККУ/ДИАУБ миссиясы шайлоого чейинки кырдаал боюнча 2 баяндама жазып, добуш берүү күнүнүн эртеси алгачкы жыйынтык маалыматын берет. Ал эми шайлоодон 8 апта өткөндөн кийин эл аралык байкоочулар жыйынтык отчетун тартуулап, өз сунуштарын жана кеңештерин айтат.

Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. Бүгүнкү күнгө карата мамлекет башчысы болууну каалагандардын саны 32 адам. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG