Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Батыровдун соту башталды


16-сентябрда Жалал-Абад шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кадыржан Батыровго карата сот иши башталды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирет.
Соңку 6 айдан бери тараптардын келбегенинен сот иши башталбай жаткан.

Батыров жана дагы 5 киши июнь окуясы боюнча күнөөлүү деп соттолууда. Өкмөттүн расмий маалыматы боюнча, 2010-жылдын июнь айында Ошто жана Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектердин кагылышуусунда 447 адам набыт болгон.

Кадыржан Батыров өзүн күнөөлүүмүн деп эсептебейт. Ал Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун жетекчиси болчу. 2010-жылдагы июнь коогасынан бери ал издөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG