Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Бишкекте кыргыз-казак корунун кеңсеси ачылат


Жакынкы арада Бишкекте кыргыз-казак инвестициялык корунун кеңсеси ачылат. Бул тууралуу казак премьер-министри Карим Масимов билдирди. Кордун көлөмү 100 миллион доллар болот. Аны негиздөө тууралуу келишим 2007-жылы кабыл алынган.

Масимов кыргыз-казак чек арасындагы жүргүнчүлөр дуушар болуп жаткан тоскоолдуктар, Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын оор абалы тууралуу "Азаттыктын" суроосуна да жооп берди. Анын айтымында, бул маселелер эгерде Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе чечилет.

Карим Масимов 16-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына катышты.(EBM/RK)

XS
SM
MD
LG