Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Сотторду тандоочулардын жарандыгы талкууланды


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, Сотторду тандоо кеңешинин бүгүнкү отурумунда анын мүчөлөрү чет элдин жараны болбошу керек деген норма талкууланды.

Кеңештин мүчөсү Ирэна Степкичева мындай талап жарандардын конституциялык укугун бузат деп эсептейт. Ал эми дагы бир мүчөсү Жамила Нурумбетова жогорку мамлекеттик кызматкерлер тандалып жаткандан кийин алар Кыргызстандын гана жараны болушу керек деген норма туура деген пикирде.

Жыйынтыгында мындай талапка 7 мүчө каршы, 10 макул болду. Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жиберилди. Ирэна Степкичеванын россиялык жарандыгы бар деп айтылып келет.(RK)

XS
SM
MD
LG