Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

17 миң майып бала мектепке барбайт


Кыргызстан боюнча саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген 3 миң бала мектепке барып билим алат. Бирок, дагы 17 миң майып баланын мектепке баруусуна шарт жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билим жана илим министри Канатбек Садыков билдирди. Анын айтымында, мектеп курагындагы майып балдардын саны Кыргызстан боюнча 20 минди түзөт. Тепкичтерден көтөрүлүү, эшиктерден кирип-чыгууга, дааратканага өз алдынча барууга дээрлик мүмкүн болбогондуктан алар окушпайт. Япониянын жардамы менен мындан 4 жыл мурда атайын долбоор ишке ашырыла баштаган. 38 мектеп камтылып, аларда майып балдардын окуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG