Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Жарандык коом парламенттин иш-аракетин талкуулайт


Бүгүн Бишкекте парламенттин иш-аракетин жарандык көзөмөлгө алуу маселелерине арналган жыйын өтөт. Иш-чараны “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы уюштуруп жатат. Коалициянын билдиришинче, буга чейин ар аймакта жарандык коомду парламенттин ишине байкоо салууга үйрөткөн окутуулар уюштурулган. Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйындарына, отурумдарга такай көз салынып, кабыл алган мыйзамдар талданган. Парламенттин спикерине жана депутаттарына жабык жыйындар, депутаттардын отурумдарга катышпай жаткандыгы тууралуу кайрылуулар жолдонгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG