Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Садыркулов ишинде дагы бир генерал аталды


Генерал Расулберди Раимбердиев
Генерал Расулберди Раимбердиев

Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генералы Расул Раимбердиев камакка алынып, бирок анын жактоочуларынын нааразылык акциясынан кийин тил кат алып койо берилди.

20-сентябрь күнү Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан ички иштер министринин мурдагы орун басары, генерал-майор Расул Раимбердиев кармалып, Бишкекке жөнөтүлгөн. Аны камакка алуу боюнча соттун санкциясы берилип, ал президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө катышы бар деп шектелүүдө.

Генерал аңдууну уюштурганбы?


Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын отурумунда аталган ишти иликтөө тобунун жетекчиси Мелис Турганбаев Расул Раимбердиев Садыркуловду аңдууну уюштуруп, анын ар бир кадамын Жаныш Бакиевге кабарлап турганын белгиледи.

21-сентябрь күнү туштөн кийин Ош шаарынын борбордук аянтына Раимбердиевдин жактоочулары анын бошотулушун талап кылышып, нааразылык акциясына чыгышты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марат Орозбаев жактоочуларынын талабы менен Расул Раимбердиевди тил кат менен бошотуу жагы чечилгендигин билдирди:

- Биз нааразылык акциясына чыккан анын туугандары менен жетекчиликти телефон аркылуу байланыштырдык. Анан ал жактан Раимбердиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тил кат менен чыга турган болгондон кийин анын жактоочулары таркап кетти.


Раимбердиев ким өзү?


Расул Раимбердиев катардагы милиция кызматкеринен баштап, ички иштер органдарында райондук жана облустук деңгээлдеги жетекчи кызматтарда иштеген. 2001-жылы министрликтин маңзаттарга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгына башчы болуп келип, бир жылдан соң ички иштер министринин биринчи орун басарлыгына көтөрүлгөн. 2005-жылы мартта Оштогу жана Жалал-Абаддагы элдик толкундоолор учурунда кырдаалды жөнгө салуу боюнча операцияны жетектеген. 24-марттан кийин кызматынан кетип, бирок ошол эле жылы күзүндө маңзаттарын көзөмөлдөө агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгына башчы болуп келген. 2008-жылдан баштап ИИМдин жетинчи башкы башкармалыгын жетектеп, андан ары былтыр 7-апрелге чейин ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары болуп турган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров ал мындан мурун дагы камакка алынып, бирок жактоочуларынын кысымы астында койо берилгендигине токтолду:

- Бул киши эми Акаев менен Бакиев учурунда жетекчи кызматтарда алдыңкы катарда болуп жүрдү. Анан бул адамды тандашкандыгына караганда анын аларга жаккан сапаттары болсо керек. Бирок 2010-жылы 7-апрелден кийин аны апрель окуясы боюнча дешип атайын кызматтын балдары кармап алып кеткен, бирок жактоочуларынын талабы менен кайра бошотулган болчу. Бирок ал учурда ага карата конкреттүү кандай айып койулгандыгын билбейм.


Кармап-бошотуунун кайрыктары


Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Рахматтулла Ахмедов Садыркуловдун өлүмү боюнча Расул Раимбердиевге каршы кылмыш иши козголуп-козголбогондугу боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ошол эле учурда укук таануучу Кубат Кожоналиев өзгөчө оор кылмыштарга шектүүлөрдү жоопко тартуудагы иш-аракеттердин так болбой жаткандыгын сынга алды:

- Эгерде күнөөлүү болсо албетте мыйзамдын негизинде жооп бериши керек. Анан туугандары митингге чыга калса эле бошотуп жиберсе мыйзамдын күчү каякта калат. Бирок мындай шайлоонун алдындагы саясий оюн болсо анда башка. Балким бирөөнү коркутуп, үркүтүп камай коюп, бирөөлөрдүн ортосунда соодалашуу болушу да мүмкүн. Анын чынында эле Садыркулов боюнча катышы бардыгы далилденип жатса анда эч нерсеге карабай эле ишти жүргүзүшсө болмок. Бирок эмнеге камап, кайра эмнеге чыгарып жатышкандыгына мен түшүнбөй турам.

Мындан мурунураак Расул Раимбердиевдин бир тууган иниси Рустам Маметов Москва шаарынан кармалып, камакка алынган. Ага 2007-жылы жаңы жылдын алдында Медет Садыркуловдун үйүнө “кулак менен сөөмөйдөн” турган күтүүсүз белекти жөнөтүүнү уюштурган деп айып койулууда. Рустам Маметов ошол учурда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүн жетектеп турган.

XS
SM
MD
LG