Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Курманжан Датканын 40 кызы тандалууда


Ноокат районунда Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Курманжан Датканын 40 кызы» аттуу сынактын кароо туру өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Аталган сынакка Ноокат районунун бардык айылдык округдарынын атка жакшы минип, спорт оюндарына катышып жүргөн 40 кыз-келин катышып, алтоо облустук кароо сынакка жолдомо алышты.

Кароо сынак негизинен кыз жарышы, ат үстүндө жаа атмай, кыз эңиш, кыз куумай сыяктуу оюндар менен өткөрүлдү. Эгерде бул кыздар кароо сынакта жеңип чыгышса, Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесине арналган кароо сынакка катыша алышат. Быйылкы жыл Кыргызстанда Курманжан Датканын жылы деп жарыяланып, тиешелүү иш-чаралар өтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG