Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:02

Улут аралык ынтымакка арналган телемарафон өтөт


Эртең Бишкекте улуттар аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө арналган телемарафон өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров маалымдады. Иш-чара "Дилибиз бир, тилибиз бир" деген ураан астында өтөт. Аны Кыргызстан элинин ассамблеясы уюштуруп жатат. Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат. Былтыр Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутундагылардын арасында чыккан жаңжалда 400дөн ашык адам набыт болгон. (RK)

 

XS
SM
MD
LG