Ирандын президенти БУУнун Баш жыйынында АКШны ур-тепкиге алган сөз сүйлөп баштаганда, залда отурган 20 чакты өлкөнүн өкүлдөрү америкалык делегаттардын артынан чыгып кетишти. Махмуд Ахмединежад 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулду «табышмактуу окуя» деп мүнөздөп, ага жамынып, АКШ Ирак менен Ооганстанга кол салганын айыптады. Жалпы эле Батышты бутага алып, «бул өлкөлөр өз кызыкчылыктары жана империалисттик максаты үчүн эки жүздүү алдамчылык саясат жүргүзөт» деди. Ирандын лидери ошондой эле жөөттөрдүн Экинчи дүйнөлүк согушта кырылышын «ционисттерге акы төлөөнүн айласы» деп мүнөздөдү. Ахмединежад сүйлөп жатканда сыртта бир миңден ашык киши Иран өкмөтүнө каршы демонстрация өткөрүштү.