Кыздардын хижаб жоолук салынышы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратпайт жана коомдук тартипти бузбайт. Мындай билдирүүнү бүгүн Укук коргоочулар кеңеши таратты. Мектепке жоолук салынып барууга мыйзам тарабынан тыюу салынбагандыктан, айрым мугалимдердин аракетин окуучу кыздардын укугун бузгандык катары бааласа болот деп эсептешет укук коргоочулар.
Жаңы окуу жылы башталгандан тартып бул темадагы талкуулар күчөп барат. Мусулмандар уюмдарынын өкүлдөрү айрым мектептерде, өзгөчө республиканын түштүк аймагындагы облустарда жоолукчан кыздарды мектепке киргизбей жатышат деген дооматтарын айтышууда. Билим жана илим министрлиги жоолук салынууга тыюу жок экенин, бирок бирдей форма кийүү талабын ар бир окуучу аткарууга тийиш экенин айтып жатат. (RK)