Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Британияда террорчулук үчүн айыпталган алты адам сотко алынып келинет


Полициянын билдиргенине караганда, жаш курактары 25 менен 32нин аралыгындагы алты жигит Британиянын экинчи ири шаары – Бирмингемде контртеррордук операциянын алкагында камалган.

Алардын төртөөсүнө террордук акт даярдаган, экөөсүнө терракт жөнүндөгү маалыматты жашырган деген айып коюлду. Полициянын айтымында, шектүүлөрдүн экөөсү терроризм боюнча машыгуудан өтүү үчүн Пакистанга барган деп да күнөлөнүүдө. Бирмингем шаарынын алардан тышкары дагы бир тургуну террордук кутумга тиешеси бар деген шек менен суракка алынып жатат.

XS
SM
MD
LG