Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

"Бир дүйнө": Көңүл чордонунда аялдардын жана балдардын укуктары


27-сентябрдан 2-октябрга чейин Бишкекте адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө - Кыргызстан” аттуу V фестивалы өтөт. Фестивалдын координатору Фарида Абдылдаеванын “Азаттыкка” маалымдашынча, анда коомдогу аялуу катмар деп эсептелген аялдардын жана балдардын укуктары жөнүндө маселелер үстөмдүк кылып, алар чечилбей жаткандыгы тууралуу тасмалар тартууланат. “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы Чехиядагы “Eдин свет” деп аталган адам укуктары боюнча даректүү тасмалар фестивалынын бир бутагы. Анын негизги максаты – Кыргызстандагы адам укуктарына жана эркиндиктерине байланышкан маселелерди көтөрүп чыгуу. Быйыл жалпысынан 29 даректүү фильм катышып атат. Алардын ичинен 15и эл аралык, 14ү кыргызстандыктардыкы. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG