Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соттун чечими менен эркинен ажыратылган жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү боюнча келишим иштелип чыгууда. Анын алгачкы долбоору 2009-жылы жазылган. Кыргызстандын баш прокуратурасынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, Кытайдын түрмөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар, ошондой эле Кыргызстандын абактарында Кытай жарандары жазасын өтөөдө. Алардын так саны учурда такталып жатат. (RK)