Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Кыргызстанда жүрөгүнөн жабыр тарткандар көп


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бишкекте бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Анын алкагында Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдында жарандардын кан басымын, боюн жана салмагын, жүрөк оору коркунучтарын текшерген акция өтмөкчү. Шаар тургундарына ооруну алдын алуу боюнча баракчалар таркатылат.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жалпы өлүмдүн ичинен жүрөк ооруларынан каза тапкандар биринчи орунда турат. Орто эсеп менен республика боюнча бир жылда жүрөк оорусунан 18 миң адам, күнүнө 50 адам көз жумат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча бул дарт 17,5 млн. адамдын өмүрүн алат. Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү - 29-сентябрь. (КЕ)

XS
SM
MD
LG