Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Жарыштан четтетилгендер парламентке кайрылышат


Кыргызстандын Боршайкому каттоодон баш тартып, жарыштан четтеп калгандар Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаровго атайын ачык кат жолдогону турушат.

“Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” билдиришинче, жарыштан четтетилгендер БШК менен талапкерлердин ортосундагы карама-каршылыктуу жагдайларды парламенттин жакынкы талкуусуна алып чыгып, БШКнын айрым мүчөлөрүнүн аракетине баа берүү өтүнүчүн билдиришүүдө. Азырынча Жогорку Кеңешке жолдоно турган ачык катка беш талапкер кол койду.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы онго чукул адамды жетиштүү анык кол топтой алган эмес деген негизде талапкер деп каттоодон баш тарткан болчу. БШК кол тамгаларды текшерүү иши мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөнүн билдиргени менен, жарыштан четтетилгендердин көпчүлүгү бул жагдайды саясий көрсөтмө катары сыпатташууда. Ушул тапта БШК менен талапкерлердин ортосунда соттук териштирүүлөр уланып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG