Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Башар Ассаддын күчтөрү Ал-Растан шаарын көзөмөлгө алды


Сирияны Түркия менен байланыштырган чоң жолдо жайгашкан Ал-Растан шаарына өкмөттүк күчтөр аскердик оор техникалар менен учактардын коштоосунда бүгүн бастырып киришти. Өткөн түнү аталган шаарда пулеметтон аткылоолор жүрүп, 4 киши набыт болгонун күбөлөр маалымдашты.

Ал-Растан шаары Хомс менен Хама шаарларынын ортосунда жайгашып, акыркы алты айда Сирия президенти Башар Ассаддын бийлигине каршы чыккан оппозициянын чордону болуп турган.

Дүйшөмбү күнү БУУда Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем өлкөдөгү зордук-зомбулукка нааразылык акциясын уюштуруп жаткандар күнөөлүү, ошолордун айынан президент Башар Ассад демократиялык реформаларды жүргүзө албай жатат деген эле.

XS
SM
MD
LG