Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Страсбургда сот Орусияны чеченстандык тургунга 63 миң евро төлөөгө милдеттендирди


Адам укуктары боюнча европалык сот Орусия өкмөтү Европа конвенциясынын адам укуктары боюнча бир топ талаптарын бузган деп Чеченстан тургуну Аминат Бексултановага 63 миң евро төлөп берсин деген чечимин чыгарды.

Аминат Бексултанова орусиялык аскер күчтөрү 2004-жылы октябрь айында Ачхой Мартан айылында уулун мыйзамсыз кармап, анан өлтүрүп коюшкан деп арызданган. Мындан тышкары ал Орус өкмөтүн уулунун жоголушу тууралуу жетишерлик иликтөө жасабаган деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG