Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Пакистан Ооганстандагы тынчтыкка дилгирлигин айтууда


Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Хар БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда анын өлкөсү да коңшу Ооганстандын тынчтыкка жетүүсүнө умтулууда деп ырастап, бул үчүн АКШ жана ооган өкмөттөрү менен кызматташып жатканын белгиледи:

- Пакистан биздин доордун эң маанилүү күрөшүндөгү азыркы тагдыр чечээр учурда бийик жоопкерчиликти актоо үчүн эл аралык өнөктөштөр, биринчи кезекте Ооганстандын жана АКШнын өкмөтү менен бирге колдон келгендин баарын жасоого даяр.

Мунун алдында, соңку күндөрү АКШнын расмий өкүлдөрү Пакистандын мекемелер аралык чалгын кызматын согушкерлердин “Хаккани” түйүнү менен байланышта турганы үчүн айыптаган эле.

АКШ ушул айдын ортосунда Кабулдагы элчилигине жасалган кол салууну жана башка чабуулдарды ошол “Хаккани” тобунан көрүп жатат. Пакистандын премьер-министр Юсуф Реза Гилани кечээ "Рейтер" агенттигине курган маегинде АКШны Пакистанды исламчыл согушкерлер менен байланышта турат деп айыптоону токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG