Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Жаратылыш кырсыгына учурагандардын ар бир үчүнчүсү бала


Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Жонатан Вейтч билдирет. Бишкекте бүгүн Кыргызстандагы балдардын жаратылыш кырсыктарына көп учурашын кыскартууга арналган долбоордун бет ачары өтүүдө.

Вейтч Кыргызстанда билим берүү мекемелердин 80 пайызы коопсуз эмес экенин билдирди. Долбоор алкагында өлкөдөгү бардык мектеп имараттарынын коопсуздук жагы текшерүүгө алынмакчы.

Мындан тышкары быйылкы жылдан тарта бардык орто мектептерде 1-6-класс окуучулары үчүн "Коопсуздук негиздери" сабагы киргизилет.

Кыргызстанда балдардын жаратылыш кырсыктарына көп учурашын кыскартууга арналган долбоорго 1 млн. доллар бөлүнгөн. Долбоор 2012-жылдын 31-декабрында жыйынтыкталат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG