Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Шайлоо мөөнөтүн жылдыруу сунушталууда


БШКнын чечими менен шайлоого катышуу укугунан ажыраган Турсунбай Бакир уулу жана Нариман Түлеев парламенттин бүгүнкү жыйынында Боршайкомго карата сын пикирлерин айтышты. Алардын оюнча, шайлоодон четтетилген тогуз адамдын БШК менен соттошуусу толук аяктап, териштирилип бүткөнчө, балким, шайлоонун датасын дагы алдыга жылдырыш керек. Ошону менен катар Боршайкомдун төрагасын жана анын курамын отставкага кетирүү маселесин Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизүү сунушу айтылды. Президенттикке аттангандардын тогузун БШК анык кол топтой алган жок деген негизде тил сынагына катыштырбай койгон. Бирок райондук сот БШКнын бул чечимдерин мыйзамсыз деп тапкан. Акыркы чекитти Жогорку сот коет. Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.(KJ/RK)

XS
SM
MD
LG