Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Президенттикке аттангандардын дагы үчөөнү Жогорку Сот колдоду


Бугүн Жогорку Сот дагы үч адам боюнча БШК чыгарган чечимди туура эмес деп тапты. Алар - Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков жана Калыбек Арабаев. Эртең менен Жогорку Сот президенттикке талапкер болуп катталуу арызы менен БШКга кайрылган Нариман Түлеев жана Токтайым Үмөталиева да маарадан мыйзамсыз четтетилген деген чечим чыгарганын "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады.

Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн 30 миңден кем эмес анык кол топтоп, 100 миң сомдук күрөө коюп, кыргыз тил боюнча сынактан өтүү керек.

Бирок БШК жогоруда аталган беш адам анык кол топтой алган жок деген негизде аларды тил сынагына катыштырбай койгон болчу. Бул чечимдер туура эмес болгон деген Биринчи Май райондук сотунун бүтүмдөрүн Жогорку Сот бүгүн күчүндө калтырды. Жогорку Сотто дагы 2 адамдын ушундай эле мүнөздөгү арызы жатат.

28-сентябрда БШКнын төрага орун басары Гүлмира Журабаева эгер Боршайкомдун чечими Жогорку Сотто да мыйзамсыз деле турган болсо, кол топтоо боюнча бардык кагаздар талапкерлердин көзүнчө кайрадан бирден эсептелип чыгаарын "Азаттыкка" айткан.

Шайлоо 30-октябрда болот. Талапкер болуп расмий катталгандардын саны 20 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG