Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

"Курманжан Датка" орденин чыгаруу сунушталды


Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын катарын "Курманжан Датка" ордени менен толуктоо сунушу бүгүн Жогорку Кеңеште жактырылды. Бул орден менен өлкөнүн ар кыл тармактарына эмгеги сиңген көрүнүктүү инсандар сыйланат. Орден жөнүндө кабыл алынган мыйзам долбоору президентке жөнөтүлөт. Быйыл Кыргызстан Алай Канышасы аталган Курманжан Датканын 200 жылдыгын белгилеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG