Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Алматыда казак тилин жактаган жыйын өттү


Бүгүн Алматы шаарында 500дөй адам казак тилин колдогон нааразылык чарасын өткөрдү. Митингдин уюштуруучуларынын түшүндүрүшүнчө, “бул чара орус тилине каршы эмес,” тек гана казак тилин мамлекеттик мекемелерде колдонууну кеңейтүүгө багытталды.

Мурдараак казакстандык саясатчы, адабиятчы жана коомдук активисттерден турган демилгелүү топ журт президенти Нурсултан Назарбаевге ачык кат жолдошуп, Конституциядан орус тили мамлекеттик казак тили менен тең колдонулсун деген сүйлөмдү алып салууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG