Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

УКМК: Жолдогу кырсыктын Келдибековго тиешеси жок


Парламент спикери Ахматбек Келдибеков "Ак-Жол" чек ара бекетин кыдырып жаткан учурда ошол жерде болгон автокырсыктын ага эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

1-октябрда Келдибеков кыргыз-казак "Ак-Жол" чек ара бекетиндеги кырдаал менен таанышууга барган. Себеби соңку айларда казак чек арачылары жана бажычылар Кыргызстандан товар ташыган соодагерлерди ур-токмокко алып, мазактаган учурлар көп болуп жатканы айтылууда.

Келдибеков барган учурда казак тараптагы тосмону БМВ маркасындагы автомашина сүзүп өтүп, кыргыз тарапка кире бериштен токтотулган. Айдоочу 28 жаштагы казак жараны Исмаилов экени, ал мас абалында казак полициясынан качып келатканы аныкталды. Машинанын ичинде анын жубайы жана эки кичинекей баласы да бар экен деп кабарлайт УКМКнын басма сөз кызматы. Бул иш боюнча эки тараптуу иликтөө башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG