Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

БШК бийликти анын ишине кийлигишпөөгө үндөйт


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы атайын билдирүү таркатып, анда бардык мамлекеттик органдарды жана депутаттарды комиссиянын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. Билдирүүдө айтылгандай, БШКнын башкы принциби көз каранды эместик болуп саналат. Шайлоо мыйзамына ылайык, бул органдын ишине кийлигишип, басым жасагандар жоопко тартылат.

Билдирүүдө, президенттикке талапкерлигин коюп, БШК каттоодон баш тарткан депутаттар шайлоо маселесин Жогорку Кеңешке көтөрүп чыгуу менен мыйзамды бузуп жатканы айтылган. Ошондой эле БШК мыйзам чегинде иштеп жатканы, Биринчи май райондук сотунда жана Жогорку Сотто утуп чыккандар соттун чечимин калкка туура эмес түшүндүрүп жатканы белгиленген.

25-сентябрга чейин БШК 30 миң адамдын анык колун топтой алган жок деген негизде тогуз адамды талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Тогуз адам сотко кайрылып, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор алардын пайдасына чечим чыгарган. 30-сентябрда талаштуу жагдайды Жогорку Кеңеш да талкуулап, 9 адамдын шайлоого катышуу укугун калыбына келтирүү боюнча Боршайкомго тапшырма берген.

Мындан улам БШК өткөн жекшембиде айрым талапкерлер үчүн тил сынагын өткөрүүгө мажбур болгон. Кечээ Боршайком соттон уткандарды каттоодон мурда алардын кол топтоо баракчаларын үч күндүн ичинде кайрадан текшерип чыгарын кабарлады. Бул жагдайды сотто утуп чыккандар сынган алып, БШКга нааразы болуп жатышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG