Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Владимир Путин “Евразия Биримдигин” курууну самайт


Владимир Путин
Владимир Путин
Бул тууралуу Путин Орусиядагы “Известия” гезитинин бүгүнкү санында жазды. Орусияда беш айдан кийин президенттик шайлоого катышаарын айткан Путин мындай биримдик азыркы Бажы биримдигинин жана Эркин экономикалык аймактын негизинде түзүлөт дейт. Азырынча Бажы биримдигине Орусия, Беларус жана Казакстан киришет. Ага жакын арада Кыргызстан менен Тажикстан да кириши мүмкүн.

Путиндин жазганына караганда, Евробиримдикке тең келе тургандай жаңы союз түзүү иши азыр да жүрүп жатат. Ал өзүнүн бул планын “Советтер Союзун кайра жаратуу же тууроо эмес” дейт.

XS
SM
MD
LG