Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Үмөталиеванын арызын сот канааттандырбай койду


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, Токтайым Үмөталиеванын БШК боюнча берген доо арызын бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук соту канааттандырган жок. Талапкер болуп катталам деп БШКга кайрылган Үмөталиева кол топтоо боюнча документтердин кайрадан текшерилиши мыйзамсыз деп сотко кайрылган болчу. Үмөталиева жана дагы 7 адам тил сынагынан өтүп, шайлоо күрөөсүн койгондор. Бирок 30 миңден кем эмес анык кол топтолушу керек деген шарт боюнча БШК менен чырлашуусу али күнчө аяктай элек. Шайлоого катышуу үчүн үгүт кампаниясынын 11 күнү өтүп кетти. Шайлоо 30-октябрда болот. БШК топтолгон колдорду текшерүүсүн дагы эле улантууда. Комиссия өз ишин мыйзам чегинде аткарып жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG