Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:54

7-октябрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү

Октябрдын 7-де, 9-10-да Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун  чыгышында айрым жерлерде 0-2 градус  үшүк жүрөт. Мындай үшүк  жыйналмаган мөмө жана жашылча жемиштерге коркунучтуу.
7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн, тоолордо кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1-6, күндүз 12-17 жылуу,
Талас облусунда түнкүсүн 0-5 градус жылуу, айрым жерлерде үшүк жүрүп 2 градуска чейин суук болот, күндүз 12-17,
Баткенде түнкүсүн 3-8, күндүз 17-22 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарныда түнкүсүн абанын температурасы 4-9, күндүз 18-23 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1-6 градус жылуу, айрым жерлерде 2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт, ал эми күндүз 12-17,
Нарында түнкүсүн 0-5 градус жылуу болуп, айрым жерлерде үшүк жүрүп, 2 градуска чейин суук болот, күндүз 12-17 градус жылуу болот.
Тоолордо түнкүсүн 1-6 градус суук, ал эми күндүз 1-6 градус нөлдөн жогору болот.         

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  түнкүсүн  4-6  градус,  күндүз 15-17 градус жылуу болот.

 

XS
SM
MD
LG