Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Курманжан датканын мааракесине расмий адамдардын баары келди


Бүгүн президент Роза Отунбаева Ош облусунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү ишмер Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Өлкө башчысы Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов, облус губернатору Сооронбай Жээнбеков жана башка расмий адамдар менен бирге Курманжан датканын Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан кабырында болуп, датканын арбагына багыштап куран окутту.

Андан соң Отунбаева Алай районунун Гүлчө айылында Курманжан датканын музейинин салтанаттуу ачылышына катышты. Мамлекет башчысы бул иш-чарага катышып жаткан райондун тургундары менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн маалымдады. (ЕК)

XS
SM
MD
LG