Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Жаш шайлоочулар үчүн окуулар өтөт


Жаштардын “Кебел” клубу, “Эмити” коомдук фонду жана “Эркин муун” либерал жаштарынын альянсы биргелешип уюштуруп жаткан “Ойлоном, тандайм, келечегим бар” өнөктүгү алкагында жаш шайлоочулар үчүн эртеңден тарта семинарлар өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын “Азаттыкка” билдиришинче, кампаниянын негизги максаты - жаштарды жана студенттерди шайлоого активдүү катышууга, кысым, басымы жок өздөрү тандаган талапкерге добуш берүүгө үндөө. Ошондой эле жаштарды таза жана ачык шайлоо өткөрүү идеясынын алдына бириктирүү.

Семинарлар Ошто - 10-октябрда, Караколдо – 11-октябрда, Нарында - 14-октябрда, Жалал-Абадда – 19-октябрда өтөт. Иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги борбору көмөк көрсөтүүдө. (ЕК)

XS
SM
MD
LG