Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:09

Орусия менен Кытай 7 млрд. доллардык келишимдерге кол коёт


Ушул аптада Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин Бейжинге барганда, жети миллиард доллардык 20 чакты бизнесс макулдашууларына кол кою пландалып жатат.

Путиндин орун басары, орус-кытай өкмөттөр аралык комиссияны жетектеген Александр Жуковдун «Коммерсант» гезитине билдиришинче, мында орус экономикасындагы түп-негиз өнөр-жайларын заманбапташтыруу жана жаратылыш байлыктарын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдыктарды ойлоп табуу жана жасоо менен катар, энергияны үнөмдөө, энергиянын бүтпөс булактарын жана био-энергияны пайдалануу жаатындагы кызматташтык боюнча долбоорлор бар.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG