Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

6,5 миң милиция шайлоонун коопсуздугун камсыз кылат


Президенттик шайлоо учурунда Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо үчүн алты жарым миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиев билдирди. Мындан тышкары, 14 миңден ашуун элдик кошуун өкүлү милицияга жардамда болушат. 25-сентябрдан тарта министрликтин өздүк курамы да толугу бойдон күчөтүлгөн шартка өтүп, шайлоо күнү өзгөчө катуу күчөтүлгөн тартипте иштейт. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG