Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Нарында тогуз "лимузин" музоо багылууда


Нарында уйдун "Лимузин" жана "Симментал" аттуу түрлөрү багыла баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» "СAMP Ала-Тоо" комдук фондунун жайыттарды туруктуу башкаруу долбоорунун Нарын районундагы менеджери Байтемир Найзабеков билдирди.

Маалыматка ылайык, уруктар былтыр Германиядан алынып келинген. «Лимузин» дүйнөдөгү эң мыкты сапаттуу эт багытындагы, ал эми «Симментал» эт-сүт багытындагы мал болуп эсептелет. Учурда 14 музоо багылууда - тогузу "Лимузин", бешөө "Симментал". Аталган түрдөгү бодо мал тоо шартында багууга жакшы ылайыкташканы айтылууда. Долбоорду каржылоого мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес. Бардык чыгымдарды Германиянын кызматташтык уюму өзүнө алган. (ErB/RK)

XS
SM
MD
LG