Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Москва: Бычак жеген кыргыз жарандар сакайып келатышат


Москвада бычак жеген кыргыз жарандары сакайып келатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев билдирди. Анын айтымында, жабыркагандардын бирөөсү Нурдинов ооруканада, Мундузбаев болсо алгачкы тез жардамдан кийин үйүнө чыгарылган. Бул кылмыш боюнча шектүү деп 33 жаштагы орусиялык жаран Борис Черняков кармалган. Бүгүн элчилик Орусия Башкы прокуратурасына жана Башкы тергөө комитетине кайрылып, кылмыш ишти аягына чейин чыгаруусун өтүндү.

8-октябрь түнү саат 23.50дө Москванын «Рижская» метро станциясында эки тарап болуп мушташып жаткан жаштар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда карама-каршылык чыккан. Кыргызстандык эки жаран полицияга көмөк көрсөтөбүз деп орус жаштарынан бычак жешкен. (EzK)

XS
SM
MD
LG