Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Мьянмарда 100дөн ашуун саясый туткун мунапыс алды


Мьянмарда 120дай саясый туткун, анын ичинде бир нече саясий диссидент абактан бошотулду. Алар эркиндикке Мьянмар өкмөтү апта башында жарыялаган мунапыска ылайык, 6300 адамдын катарында бошотулду. Оппозициядагы Демократия үчүн Улуттук лиганын өкүлү билдиргенге караганда, түрмөдө дагы 2 миңдей саясый туткун калууда.

Бүгүнкү жараян жаңы жарандык өкмөт баштачу саясий өзгөрүүлөрдүн жышааны деп бааланууда. Мьянмардагы аскерий хунта өлкөдө акыркы жыйырма жылда болгон биринчи шайлоодон соң бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берген.

АКШ, Евробиримдик жана Австралия бардык саясый туткундар бошотулса, Мьянмарга каршы киргизилген санкцияны алып салуу жагын карап көрүшөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG