Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:36

Хиллари Клинтон кийинки жылы саясаттан биротоло кетет


АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Барак Обаманын азыркы президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин саясаттан биротоло кетет. Клинтон айым мындай ыкласын Associated Press агенттигине шаршемби күнү курган маегинде билдирди. Ал 2012-жылкы шайлоодо Барак Обама экинчи мөөнөткө шайланат деген үмүтүн да айтып, бирок өзү эч кандай саясий, өкмөттүк же шайланчу кызматты каалабасын баса белгиледи.

Октябрдын соңунда Хиллари Клинтон 64 жашка толот. Мурда АКШ Конгрессинде сенатор болгон жана 2008-жылы Демократиялык партиянын шайлоосунда Барак Обамага утулуп калган.

XS
SM
MD
LG