Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

АКШ ирандык авиакомпанияга жазана жарыялады


АКШнын Каржы министрлиги ирандык армиянын элиталык бөлүгүн тейлеген, 11-октябрда АКШда Сауд Аравиянын элчисин өлтүрүү планын ишке ашырууга тиешеси бар делген авиакомпанияга санкция киргизди.

Америкалык тараптын билдирүүсүндө, "Махан Эйр" компаниясы Жакынкы Чыгыш аймагында "Хезболла" тобу менен ирандык "Кодс" кыймылынын мүчөлөрүн ташып жүргөн.

Мындан тышкары кутумду уюштурууга шектелген 5 киши жазаналардын "кара тизмесине" алынды.

12-октябрда АКШнын вице-президенти Жо Байден "Иран кутум үчүн жоопкерчилик тартуусу керек" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG