Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Шайлоого катышуудан баш тарта элек 19 талапкер калды


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда президенттикке талапкерлер Нариман Түлеевдин, Шамшыбек Медетбековдун жана Исхак Масалиевдин шайлоого катышпай тургандыгы боюнча арыздарына ылайык аларды каттоодон алды. Ага чейин президенттикке ат салышуудан талапкер Марат Султанов баш тарткан. Талапкер Акылбек Жапаровдун да маарадан өз эрки менен чыгып жатканын айрым интернет-булактар маалымдаган. БШКга андан расмий арыз келип түшө элек. Шайлоо жарыялангандан тартып 80ден ашык адам БШКга арыз беришкен. Алардын 24ү гана талапкер болуп катталган. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. (RK)

XS
SM
MD
LG