Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

АКШ элчиге каршы кутум боюнча Иран менен байланышат


Ирандык эки кишиге Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчиси Абдел ал-Жубейирди өлтүрүү максатында кутум уюштурган деген айып боюнча АКШ бийлиги расмий Тегеран менен түз байланышууга киришкенин Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланд маалымдады. Кутумдун бети ачылганын АКШ 11-октябрда жарыялаган.

Сауд Аравия бул кутумга байланыштуу “чечкиндүү чараларды” караштырып жатканын билдирсе, АКШ Иранды мындан ары да изоляциялоонун жолун башка мамлекеттер менен талкуулап жатканын айткан.

Ал эми расмий Тегеран АКШ жарыялаган кутумду америкалыктардын көңүлүн экономикалык көйгөйлөрдөн буруу үчүн ойдон табылган иш катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG