Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Ногойбаев: Бакиев маңзаттардын ташылып өтүшүнө жол берген


Бакиевдер Кыргызстан аркылуу баңгизаттардын ташылып өтүшүнө жол ачып берген. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде мурдагы ички иштер министри, Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Болотбек Ногойбаев билдирди. Анын айтымында, маңзат ташыгандар менен күрөшүү агенттигин 2009-жылы Бакиевдин өкмөтү жоюп салган. “ИИМде маңзатка каршы иш барып барган бөлүмдүн теңинен көбүн кыскартып, Бажы кызматында, УКМКда ушул багытта иштегендердин баарын кыскартып, маңзаттардын ташылып өтүшүнө жол берген деп айта алам”, - деди Ногойбаев.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Ооганстанда апийим өндүрүү быйыл 61 пайызга өстү. Ногойбаевдин маалымдашынча, ооган маңзатын Тажикстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу ташыган 12-14төй жол бар. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG