Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Журналисттер бийликке кайрылышты


Президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков, өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруучу Өмүрбек Бабанов баштаган бийлик өкүлдөрүнө жолдонгон кайрылууда бийликтен запкы көргөн бир катар журналисттердин атын түбөлүккө калтыруу сунуштары айтылган.

Кайрылуу журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөн 24-октябрды (2007-жыл) Кыргызстанда сөз эркиндиги күнү деп жарыялап, бул күнү Саипов менен бирге журналист Геннадий Павлюкту эскерүүгө бийликти чакырган. Журналисттер ошондой эле Сыргак Абдылдаевге "Даңк" медалын ыйгарууну сунушташкан. Журналисттерге кол салуу фактысын тыкыр иликтөөгө, ал үчүн ИИМди реформалоого чакырышкан.

Аталган үч журналисттин бири Алишер Саиповду ким өлтүргөндүгү белгисиз бойдон калууда. 2010-жылы 16-декабрда Алматыда мерт болгон Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча Алматы соту ушул аптада үч кишини сот жообуна тартты. Сыргак Абдылдаев болсо айоосуз таякталып, коркутуп, үркүтүүлөрдөн кийин эки жыл мурун чет өлкөдөн баш паанек сурап кеткен. (ЕК/BuS)

XS
SM
MD
LG