Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

ИИМ: Уюшкан кылмыштуулук азайды


Бул тууралуу ИИМ министри Зарылбек Рысалиев өткөң аптада Ереванда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйынында билдирди. Рысалиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар 226 адам жоопкерчилигикке тартылган. Алардын 96сы абакка кесилип, 25и издөөдө экендиги маалым болду.

Өткөн аптада уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн ана башы делген Камчы Көлбаев Кыргызстанга келери тууралуу маалымат тарап, бирок ал тастыкталган эмес.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаев өз эрки менен эмес, Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги депортациялап, Кыргызстанга келип түшөөрү менен камакка алынарын мурдараак "Азаттыкка" айткан.

Июль айында Камчы Көлбаев жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү деп шектелген Алманбет Анапияев менен Адилет Касенов Абу-Даби шаарында дүкөн тоноду деген шек менен кармалышкан. Бирок кийин кайра бошотулушкан. АКШ президенти Барак Обама Көлбаевди дүйнөдөгү кооптуу ири наркобарондордун "кара тизмесине" киргизген. (ЕК)

XS
SM
MD
LG