Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Араб Лигасы Сирия өкмөтүн жана оппозицияны сүйлөшүүгө чакырды


Бул тууралуу чечим Перс булуңундагы бир топ өлкөнүн башын бириктирген Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин Каирдеги кечээги жыйынынан кийин айтылды. Жыйындын катышуучулары эки тарапты жарашууга чакырып, сүйлөшүүлөрдү лиганын Каирдеги резиденциясында өткөрүүнү да сунуш кылышты. Араб лигасынын жетекчиси Набил ал-Араби “Сирия бул уюмдан чыгарылганы тууралуу” мурдараак айтылган кабарларды четке какты.
Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Сирияда 7 айдан берки башаламандыкта 3 миңден ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG