Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Ошто кылмышка шектүү деп кармалгандын тарапкерлери митинг өткөрүшүүдө


Кылмышка шектүү деп кармалган Бишкектеги тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Меликозу Маматалиевдин бошотулушун талап кылган митинг бүгүн Ошто өтүп жатат. Кабарчыбыз Мухамедали Токтакуновдун билдиришинче, чогулгандардын саны 300дөй адам. Алар Маматалиевдин сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулушун талап кылышууда. Митингчилер менен губернатор Сооронбай Жээнбеков жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жолугушту. Меликозу Маматалиев тергөө абагын жетектеп турганда кызмат абалынан ашкере пайдаланган деп шектелүүдө. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG