Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

УКМК төрагасы Британия Максим Бакиевге качкын маккамын бергенин айтууда


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин дүйшөмбү күнкү отурумунда билдирди.

Бирок “Азаттык” радиосу Британиянын Ички иштер министрлигинин качкындар маселесин тейлеген Чек ара агенттигинин басма сөз кеңсеси менен байланышканда, алар жогорудагы маалыматты ырастай албасын айтышты.

Ал эми Кыргызстандын Башкы прокурору Аида Салянованын парламент комитетинин олтурумунда айтканына караганда, алар Максим Бакиевди экстрадициялоо боюнча Британ ички иштер министрлигинин дарегине буга чейин эки ирет өтүнүч жөнөткөн.

Максим Бакиев Кыргызстанда экономикалык мүнөздөгү бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда.

XS
SM
MD
LG