Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

"Манастын" каржылык айкындуулугун көзөмөлдөөчү кеңеш төрагасын шайлады


"Манас" транзиттик жүк ташуу борборунун каржылык айкындуулугун камсыз кылуучу кеңеш 17-октябрда төрагасын шайлады. Бул кызматка Жүк ташуучулар ассоциациясынын президенти Темирбек Шабданалиев шайланды.
"Манас" аба майданында жайгашкан "Манас" борбору Ооганстандагы антитеррордук операцияга катышып жаткан учактарды тейлөө үчүн ачылган. Авиабаза жайгашкан жерди ижарага алгандыгы үчүн АКШ Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. Анын каржылык ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун камсыз кылуучу кеңеш сентябрда президент Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык түзүлгөн. Ал "Манас" борборунун ишмердүүлүгүнө байланышкан баардык каржы маселелер боюнча маалыматты коомчулукка жеткирип турат. Курамында 13 адам бар. Жетөө жарандык коомдун, үчөө президенттик аппараттын, экөө өкмөттүк аппараттын жана бирөө Чүй облустук администрациянын өкүлү. (RK)

XS
SM
MD
LG